Жаңылыктар
Жергиликтүү Кеңештерге шайлоого саясий атаандаштык күчөдү
Саясат
Жергиликтүү Кеңештерге  шайлоого саясий атаандаштык күчөдү

Бишкек шаардык кеңештеги 45 мандатка 14 партиядан 1115 талапкер катталды. Жарыяланган тизмеде ишкер, адвокат, экономист, маалымат  чөйрөсүнүн  адамдары  да бар. Ошентип, шаардык кеңештеги депутаттык креслого  аттангандардын  500дөн ашыгын  эч жерде иштебегендер түзөт. Бирок, алардын капчыгы калың. 

Мындан улам талдоочулар, чөнтөгү калыңдардын бийликке келип, билимдүүлөрдүн  арткы саптта  калышын саясий деградацияга туш  болгондук катары сыпаттап жатышат.

Шаардык кеңешке депутат болууну эңсегендерге 3 талап коюлат: жаш-курагы 21 жаштан жогору, соттуулугу жок жана  ошол аймакта 3 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жаран болуусу шарт. 

11-декабрда өтө турган шайлоого Бишкек шаардык кеңешке 14 партия катталды: КСДП, “Өнүгүу-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Улуу Кыргызстан”, “Демократ”, “Жаңы Доор”, “Демократ” жана башкалар. 45 мандатка миңден ашык талапкер ат салышмай болууда. Борбор  калаанын олуттуу маселелерин  чечүүгө 523  жумушсуз, 36 пенсионер, 8 студент, бизнесмендер жана саясатчылар  белсенүүдө. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"