Жаңылыктар
С. Жапаров Дубайда климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар жолугушууларды өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров Дубайда климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын Президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 - Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.