Жаңылыктар
УКМК: Ноокенде жер махинациясына байланыштуу кызмат адамдары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Ноокенде жер махинациясына байланыштуу кызмат адамдары кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жер тилкелери менен алдамчылык кылган кызмат адамдары кармалды. 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Тактап айтканда, 2017-2021-жылдар аралыгында Бүргөндү айыл аймагынын кызмат адамдары айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык алуу үчүн, жеке турак жай курууга жер участокторун комиссиянын кароосуна койбостон жана кезек сактабастан жер тилкесин беришкен. 

Ошол эле учурда жер тилкелери - Бүргөндү а/а аймагында каттоосу жок турак-жайы бар адамдарга жана 18 жашка жете элек жарандарга берилген. Бул фактылар боюнча Бүргөндү айыл аймагынын мурдагы башчысы жана жерге жайгаштыруу боюнча адис кармалып, тергөө абагына камалды.