Жаңылыктар
Ооган-Талаа айылында оорукана курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ооган-Талаа айылында оорукана курулууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулуш иштери менен таанышты. 

Жасалып жаткан иштерди көрүп чыккан төрага калкка кызмат кылып келе жаткан дарыгерлер менен жолугушуп, баарлашты. Муну менен катар курулуп жаткан имарат өз убагында бүткөрүлүп, бардык заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалышы керектигин коштоп барган жетекчилерге табыштаган Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирди.