Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелери боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алды. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши менен жолугушуудан соң билдирди. 

Эскерте кетсек, 1-декабрда Тажикстандын Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болгон. 

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде долбоордук линиянын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.