Жаңылыктар
Евробиримдик Кыргызстанга жеңилдик берди
Экономика
Евробиримдик Кыргызстанга жеңилдик берди

Кыргызстан Евробиримдиктин өзгөчө жеңилдиктер берилген системасына кошулду. Мындай маалыматты Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Алардын маалыматы боюнча, Евробиримдик өлкөгө “ВСП+” деген макам берген. Бул - өнөктөштөр менен болгон экономикалык алаканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. 

Ошондой эле, экспорттун көлөмү көбөйүп, кыргыз экономикасын чыңдоого жол ачат.Евробиримдиктин өзгөчө жеңилдиктер берилген системасына кошулуусу аркылуу, кыргыз экспортерлору продукциясын Евросоюзга төлөмү жок тариф менен экспорттой алышат.

Тагыраак айтканда, мөмө-жемиштерди, кайра иштетилген айыл-чарба азык-түлүктөрүн, кургатылган жемиштерди, текстиль, жүн, териден жасалган товарларды жана килем сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.