Жаңылыктар
Климаттын өзгөрүшү дүйнө элин түйшөлтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Климаттын өзгөрүшү дүйнө элин түйшөлтүүдө

Акыркы жылдары планета адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй тез ысып жатат. Температуранын жогорулашы убакыттын өтүшү менен аба ырайын өзгөртүп, кадимки табигый балансты бузууда. Алыс барбай эле Кыргызстандагы быйылкы кышты алалы. Калың кар жаткан алыскы райондордо азырга чейин кеч күз өкүм сүрүүдө. Мындай көрүнүш айыл чарбасынан тартып, энергетикалык, экологиялык керек болсо медициналык көйгөйлөрдү жаратууда.

Президент Садыр Жапаров бул аптада Дубайда өткөн Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынына катышты. Анда сөз сүйлөп, чөлкөмдөгү экологиялык көйгөйлөр, аны чечүү боюнча жүрүп жаткан аракеттер тууралуу айтты. 2050-жылга карата биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландаштырып жатканын белгиледи. Бул максатка жетүү үчүн калыбына келүүчү энергия булактарын пайдаланууну көбөйтүп, анын ичинде гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча амбияциялуу пландары бар экенин билдирди.