Жаңылыктар
Кыргызстан-Британия: кызматташтык илгерилейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Британия: кызматташтык илгерилейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Улуу Британияда болуп бир катар инвестициялык сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрдү. Лондон шаарында кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынынын ачылышына катышты.

Улуу Британия бул дүйнөнүн финансылык борбору. Бул өлкө Европа Биримдигинен чыгып кетсе да эң күчтүү, бай жана өнүккөн мамлекеттердин бири. Парламенттик демократиянын чордону, эң күчтүү экономикасы, армиясы бар, тарыхы терең мамлекет. Ал эми Акылбек Жапаровдун сапары кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү жаңы жана алгачкы кадам десек болот. Эң негизги максаты - Улуу Британиянын ишкерлер коомуна Кыргызстандын инвестициялык дараметин ачып берүү болду.