Патент менен иштегендер 100 миң сом жүгүртүүсү болсо да, 100 млн сом жүгүүртүүсү болсо да экөөсү тең 3000 сом салык төлөйт. Кичинекей күркө иштеткен соодагер менен миллиондорду айланткан ишкер бирдей каралып калат. Бул эң ириде теңсиздик. ККМ ушул салык адилетсиздигин токтотот. Ким канча соода кылса, ошого жараша салык төлөтөт. Бул жерден өкмөт элдин жонунан кайыш тилип атат деген куру сөзгө алданбашыбыз керек. Өкмөт болгону көзөмөлдү орнотуп, мыйзамдарды иштетип жатат.
Ушунун эсебинен былтыр 208 млрд сом салыктан түштү. Быйыл 230 млрд сомдон ашык деп план коюлган. Өкмөт бул акчаларды каякка жумшап атканын да айта кетиш керек. Быйыл 211 мектептин курулушу башталып, 76 мектептин капиталдык оңдоп-түзөөсү жүргүзүлдү. 60 бала бакча салынып, 630 чакырым жол оңдолду. Соңку эки жылда 100 млрд сомдон ашык акчага аскердик техникалар алынды. Кичи, чакан жана ириси болуп жалпы элүүгө жакын ГЭС салынып жатат.Айлык, жөлөк пул, пенсиялар көбөйдү. Мунун баары биз төлөгөн салыктын эсебинен жасалууда.
Аткаруу бийлиги салыктын жаңы түрүн ойлоп тапкан жок, же салыктын ставкаларын өзгөрткөн жок. Болгону мыйзамдарды, эрежени иштетип, тартипти орнотууда. Ачык айкындык болсун деген эле аракет. Тапкан кирешеге жараша салык төлөгөндөн качкандардын азыркы жоругу ары барса акылсыздык, бери келсе өзүмчүлдүк. Өкмөт жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпегендерди тескерисинче салыктан бошотуп, жеңилдик берүүдө.
Салык төлөгөндөн качкандарды коом өзү тарбиялашы керек. Анткени карапайым эл, катардагы пенсионер, жөнөкөй студент дүкөндөн нан алса да, суу алса да салыгын кошо төлөп жатат. Себеби биз алган ар бир товарга салыктын баасы кошо эсептелет. Андыктан сапаттуу жашоону, сапаттуу социалдык камкордукту кааласак салыктан качпашыбыз зарыл. Качкандарды коом өзү кодулашы керек.
ККМдин айланасындагы акыркы жагдайга келсек, Президент базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Анын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.