Жаңылыктар
Энергетикалык суусундукка тыюу салуу сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикалык суусундукка тыюу салуу сунушталды

Энергетикалык суусундуктарды сатууга, өндүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде бул боюнча мыйзам долбоору каралып, аны эл өкүлдөрү биринчи окууда колдоп беришти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери энергетикалык суусундукту - көп ичкен адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келерин айтышат.