Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымы такталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымы макулдашылды. Макулдашуу 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда жетишилди. 

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.