Жаңылыктар
Жыргалбек Турускулов: ундун курттап кеткени далилденди
Кыргызстан жаңылыктары
Жыргалбек Турускулов: ундун курттап кеткени далилденди

Курттады делген ундун чыры дагы деле токтой элек. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов курттаган ун дагеле сатылып жатат деген .

Бирок Материалдык резервдер фонду эл өкүлүнүн доосун такыр четке кагып, 97 лицейден кайтарылган ундар кампада сакталып турганын жана аны текшертүүгө дагы деле даяр экендиктерин айтышат. 

97 лицей окуу жылынын башында материалдык резерв фондусунун кампасынан 2 тоннага жакын ун алган. Айтымдарында 2, 3 кап унду колдонушуп, кийинкисин ачканда ундун арасынан курт чыккан. Мындан улам унду алмаштырып берүү өтүнүчү менен кампага кайрылып, башкасын алдырган. Бирок ун кайрадан таза эмес болуп чыкты дейт лицейдин өкүлдөрү.

Ал эми бул тасмада 97 лицейдеги унду депутаттык комиссия менен материалдык резерв фондунун өкүлдөрү биргеликте карап жатканы түшүрүлгөн. Анда каптардын биринен чындыгында курт чыкканы байкалат. Бирок мында да эки тараптын ортосунда кайым айтышуулар болгон.

Материалдык резерв фондусунун өзүнүн лабораториясы бар. Бул жерде унбу,буудайбы баардыгы текшерилип турат деп ишендирүүдө. Андыктан курт чыккан кап кимдики экени шек жаратууда дейт лабораториянын башчысы.

Ал эми бул маселеге башынан аралашып келе жаткан депутат Жыргалбек Турускуловдун айтымында, ундун курттаганы далилденди. Депутаттык коммисия дагы өкмөттүн комиссиясы дагы тиешелүү корутундуларын чыгарды дейт эл өкүлү.

Анткен менен өкмөтүк комиссия материалдык резерв фондусунун тараткан ундарын жокко чыгаруу туурасында чечимин чыгарды. Аны учурда фитосанитардык инспекциясы текшерип жатат. Ал эми резерв фондунун ишине укуктук баа берүү жагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырылды.