Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолунун кооптуу тилкесине тоннель курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ош жолунун кооптуу тилкесине тоннель курулат

Бишкек-Ош жолунун кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландалууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрдин орун басары Ырысбек Бариев “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулушка кызыкдар болгон япониялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. 

Белгилүү болгондой, күз-кыш мезгилинде орун алган таш кулоо жана кар көчкү түшүү коркунучу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууда көйгөй жаратып келет. Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Бишкек-Ош унаа жолунун 400-чакырымындагы жол тилкеси кооптуу деп табылып, адистер тарабынан тоннель куруу сунушу айтылган. 

“Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында Япониянын JICA агенттигинен алынган насыялык каражаттын бир бөлүгүн Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин курулушуна жумшоо пландалып, учурда тендердик процесстин алкагында жолугушуулар жүрүүдө.