Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айылында А.Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулушун аяктоо 2023-жылдын аягына чейин 100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында ишке ашырылды.
"Объекттин курулушу 2015-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрин түзөт", - деп айтылат маалыматта.