Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда канаттулар фабрикасынын саны көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда канаттулар фабрикасынын саны көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш тармагына байланышкан бир катар маанилүү иштерге катышты.

Алгач Балыкчы шаарында жайгашкан “Агро Куш” ишканасынын канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда бул фабрикада жылына 7 миң тоннадан ашуун тоок эти өндүрүлөт. Фабриканын өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу жана фабриканы кеңейтүү максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Агро Куш” ишканасынын ортосунда 1,3 млн долларды түзгөн келишимге кол коюлду. 

Бул долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш оруну түзүлөт. Жаңы канаттуулар фабрикасын курууга мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга берилди. Андан соң Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл районунда жайгашкан “Евразия канаттуулар фабрикасы” ЖЧКнын жаңы канаттуулар фабрикасын курууга капсула салды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Евразия канаттуулар фабрикасынын” ортосундагы келишимдин суммасы 8 млн доллар. 

Мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер пайдаланууга берилди. Бакыт Төрөбаев, өлкө калкынын 60 пайызы айыл жеринде жашагандыктан, айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Ошол себептүү, 2022-2023-жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасын, тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында 43 млрд сом бөлгөнүн кошумчалады.