Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 60,6 млн сом суммасында 30 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар:
- 6 мектепке – 10,3 млн сом;
- 17 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 37,1 млн сом;
- 4 маданий маанидеги объектиге – 9 млн сом;
- 2 бала бакчага – 3,5 млн сом жумшалды.