Жаңылыктар
"Мегаком" чыры Жогорку Кеңеште талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
"Мегаком" чыры Жогорку Кеңеште талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күн кечке "Мегаком" чырына байланышкан маселени талкуулашты. Парламенттин үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алманбет Шыкмаматов жана Аида Салянова, Максим Бакиевдин оффшордогу Соутсфилд компаниясы аркылуу Альфа Телекомдун 51 пайызына ээлик кылып, анын аркасы менен миллиондогон доллар каражатты кымыруу аракетин көрүшкөнү тууралуу маалымат угулду.

Буга чейин бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев Президентке маалымат берип, 2012-жылы эл өкүлдөрү “Альфателекомдун” акцияларын сатууга чынында кызыкдар болгонун далилдеген документтерди көрсөткөн.

"Мегаком" маселеси Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартибинде жок болчу. Аны Өмүрбек Текебаев өзү демилгелеп чыкты. Буга чейин белгилүү болгондой, парламенттин үч эл өкүлүнүн "Альфа" телеком менен байланышын күбөлөндүргөн документтер Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен келген. Айтмакчы, Максим Бакиевге таандык болгон "Соусфиолд" компаниясы Мегакомдун 51 пайыз акциясына 2014-жылга чейин ээлик кылып турган.



Бирок депутаттар аралашкан чырдагы чоң суроолор жоопсуз калбасын деп эл өкүлдөрү түштөн кийин "Мегаком" маселеси боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин угууну чечишти. Жыйынга УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева чакырылды.

"Мегаком" маселеси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчисинин Президент менен болгон жолугушуусунан кийин кызуу талкууга түштү. Анда Борбор Американын Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери алынып, анда келтирилген маалыматтар, 2012-жылы апрелде «Альфа Телекомдун» ошол убакта улутташтырыла элек 51 пайыз бөлүгүн сатып, андан түшкөн 50 млн доллардан ашык сумманы «Саутфилд» компаниясына которууга мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын кызыкдар болгонун күбөлөйт.

Өз сөзүндө УКМКнын төрагасы бул документтер ыкчам иш аракеттердин негизинде алынганын жана алар расмий болуп эсептелерин билдирди. Абдил Сегизбаев жыйынга келээрден мурда бардык пайда болгон суроолорду карап чыгып, эл өкүлдөрүнүн ар бир койгон маселесине, ар бир пункт боюнча жооп берди.

Абдил Сегизбаев ошондой эле айрым депутаттардын бул документтер жасалма деген куру айыптоолоруна жооп кайтарды. Айтымында, Белиздин Жогорку Сотунун катчысы Эдмунд Оливер Пеннил трасттык документке өзү кол коюп, муну менен жергиликтүү жактоочунун колун тастыктаган. Бул боюнча расмий документтер анын колунда бар.

Бүгүн түшкө чейин ушул эле маалыматты- Белиздин Жогорку Сотунун катчысы апостил менен күбөлөндүргөн трасттык документке өзү кол коюп, муну менен жергиликтүү адвокаттын колун тастыктаганын чет элдик каржылоонун негизинде иштеген маалымат булактары жазып чыккан. Бирок кечке маал кайра “Белиздеги Wrobel&Co компаниясы Бишкекке эч кандай документ жиберген эмес” деп кабар таратты. Андыктан чет элдик каржылоодо турган радио, интернет сайттар маалыматты толугу менен бербестен, “атамекенчилердин” кызыкчылыгына ыңгайлаштырып берүүдө. Эгерде эл аралык стандарттарга ылайык иштейт деген маалымат булактары мындай ыкмага түшсө, анда калгандарынын кадамы кандай болот деген суроо жаралууда.

Эл өкүлдөрүнүн көп суроолорунан кийин трасттык декларацияны аларга ачык-айкын окуп берүүгө туура келди. УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев азырынча кылмыш иши, тергөө жок экенин, бирок жөнсүз сындар аз болушу үчүн аны жарыялоо керектигин белгиледи. Бирок депутаттар Мегаком маселесин, Белизден келген документтер боюнча талкууну  улантмай болушту.