Жаңылыктар
Тилек Текебаев: Быйыл республика боюнча 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Тилек Текебаев: Быйыл республика боюнча 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, бул жылы эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар көпчүлүк ички көчөлөргө асфальт төшөө иштери жүрдү. Жалпысынан 2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, иш ыргагын ыкчамдатуу менен 660 чакырымдан ашык жол жасалды.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу, 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт жаткырылган. Ал эми быйыл республика боюнча 660 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды.

«Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери жүрүп, жумуштар дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды.

Казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүнүн көбөйүшү менен жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын көмөгү менен гана эмес, ата мекендик ишканалардын күчү менен да курула баштады. Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, быйыл анын 265и өлкөгө жеткирилди.

2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды. Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү дагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла өстү. Алсак, быйыл 11 айдын ичинде өлкө казынасына 55 млн 789 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды.

Белгилей кетүүчү нерсе, коррупциялык элементтерди жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пункттарындагы автотранспорттук каражаттардан алынган төлөмдөр 11 айдын жыйынтыгы менен 186,7 млн. сомду түзүп, былтыркы жылдын 11 айына (134,1 млн. сом) салыштырмалуу 39%га көбөйдү.