Жаңылыктар
Памирлик боордошторго жардам
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик боордошторго жардам

Катаал шартта жашаган ооган кыргыздарына колдоо көрсөтүүгө ниети бар адамдар өз жардамдарын берсе болот. 4-февралда саат 12ден 16га чейин баш калаадагы “Бишкек-парк” соода борборунда Чоң жана Кичи памир аймагында жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт.Каалоочулар боордошторго колдон келген кийим-кече,тамак-аш, дары-дармек түрүндөгү жардамдарын берсе болот.

Учурда Чоң жана Кичи Памир аймагын 1,5 миңге жакын кыргыздар байырлап келет. Алар деңиз деңгээлинен 4 жарым миң метрге чейинки бийиктикте жашайт. Памирлик кыргыздардын турмуш-тиричилиги XVII-XVIII- кылымдагы бойдон калган. 

Мектеп же оорукана жок, эли сабатсыз, айрымдары - жашы канча экенин да билбейт. Ооруп калгандары - өз күчү менен бутуна туруп кете албаса, ошол бойдон жатып, каза болот. Азыркы күнгө чейин жайы-кышы боз үйдө жашайт.