Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өзгөчө кырдаалдар учурунда 165 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду. Куткаруучулар тогуз жүздөн ашуун жабырлануучуга жардам көрсөтүштү. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин айтымында, кырсык болгондо, токтоосуз, убагында жардам берүү үчүн керектүү техникалар менен камсыз болушкан. 3 жыл ичинде мекемени каржылоо 3 эсеге көбөйүп, бюджети 4 жарым миллиард сомдон ашты.