Жаңылыктар
Мүлктөрдү ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана мунапыс берүүнүн тартиби
Кыргызстан жаңылыктары
Мүлктөрдү ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана мунапыс берүүнүн тартиби

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу механизми тартипке келтирилет. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Чечимге ылайык, Мамлекеттик салык кызматына “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамга ылайык, мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин, жеке жактарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо, Мыйзамга ылайык түзүлгөн атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн анын ичинен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуунун натыйжасында келип чыккан салыктарды төлөөгө байланышкан камералдык текшерүүлөрдү токтотуу тапшырылды. 

Экономика жана коммерция министрлигине жана салык кызматына Мыйзамды колдонуу тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.