Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды.
УКМКдан билдиришкендей, “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ал 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.