Жаңылыктар
"113" тез ыкчам байланышы күнү-түнү иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
"113" тез ыкчам байланышы күнү-түнү иштейт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун "113" ыкчам байланыш кызматы эми күнү-түнү телефон чалууларды кабыл алат. 

Адистер медициналык полиси, каттоого туруу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо, кошумча төлөмдөр, ооруканага жаткырууга көмөк көрсөтүү боюнча суроолорго кеңеш берет. 

Буга чейин түз байланышта иштеген 2 кызматкер чалууларга жетишпей, нааразылыктар көп айтылган. Бүгүнкү күндө операторлордун саны көбөйүп, кошумча телефон линиясы киргизилгени кабарланды.