Соңку кездерде кыргыз кино ишмерлеринин эмгектери абройлуу эл аралык кино фестивалдарда байгелуу орундарды камсыз кылып бул тармак жандана баштаганы байкалууда.
Кайталангыс тасмалар жаралган « Кыргыз керемети» доорунун көрөңгөсү азыр да татыктуу улантылып кыргыз киносу дүйнөлүк киноиндустиряда да беделин жоготкон жок. Киноишмерлеринин айтымында акыркы 15 жылда 500дой тасма тартылган .
Быйылкы жыл кыргыз кино ишмерлери үчүн ийгиликтуу жыл болду. Дегеле сонку кезде бул тармакта козго коруноолук жылыштар бар. Тарыхый тасмалар тартылып улуттук кино айдынына жаны жаш таланттуу адистер кошулуп , нечен жылдар ондолбогон кино театрлар ишке кирип киного коомдун жүзү бурулду дейт-, Киноматография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиев.
Совет доорунда киного атайын каражат бөлүнүп тургандыктан 60-70 жылдары кыргыз киносунун гүлдөгөн доору «Кыргыз кереметинин » доору деп аталып тарыхта калчуу тасмалар жаралаган, күчтүү кино ишмерлердин мууну өсүп чыккан. Азыр да бул улуу көч уланып эл аралык аренада татыктуу тасмаларыбыз өлкөнүн атын таанытууда дейт-, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров
Кино чеберлердин сонку ийгиликтерге токтолсок мамлекет каржысына тартылган Садык Шер Ныяздын “Курманжан Датка” тарыхый тасмасы бир топ эл аралык абройлуу фестивалдардан байге алды. Быйылкы жылы режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы Чехияда өткөн 50-эл аралык кинофестивалда “Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жетишти, Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды,.
Ошондой эле “Сейде”, “Топурак” “”Көч” ,”Асман алдында ” жана башка бир топ тасмалар кыргыз киночуларынын ийгилиги катары эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон. Негизгисинен тасмалар тартылып жатат жеке менчик студиялар да арбын бирок алардын башын бириктирген уюм жок . Киного дайыма талкуу, сын жана кеп кеңештер керек деп белгилейт КР эмгек синирген ишмери Ракыя Шаршенова
Жеке тартаптардын каржысы менен кыска аралыкта тартылган же коммерциялык багытта тартылган да тасмалар да арбын бирок алар да оз кезегинде атаандаштыка жол салып мыкты филимдердин жаралышына себепкер болот. Деген менен жылдан жылга сандан сапатка отуп улам корком тасмаларды тартуу аркеттери корулуп , коомчулуктун да мамлекеттин да кино болгон мамилеси өзгөрдү бул башкы жылыш , кыргыз киносу акыркы мезгилде жаны деңгээлге которулду дейт адистер. Быйыл Кыргыз киносуна 75 жыл толду.
Сайра Батыркулова, Биринчи радио