Жаңылыктар
Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрү бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрү бекитилди

IT, анимация, кинематография, архитектура жана дизайн, жарнама агенттиктери болуп, 60тан ашуун адистик, креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмесине кирди. Бул боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыкты. Бекитилген тизмеге ылайык, креативдүү деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.