Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министрлигине 107 атайын автоунаа тапшырылды
Ден соолук
 Саламаттык сактоо министрлигине 107 атайын автоунаа тапшырылды

Бүгүн, Бишкек шаарындагы эски аянтта саламатыкты сактоо министрлигине 107 атайын автоунаа тапшырылды. Анын 47си тез жардам унаасы. Аталган транспорт каражаттары өлкөнүн эң алыскы аймактарына, тез жардам унааларына муктаж болгон бөлүмдөргө берилди.

Тез жардам унааларынын бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасына тапшырылды. Буга чейин эскилиги жеткен машиналар менен чакырууларга чыгып, жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп келишкен. Быйыл гана көңул бөлүнүп, жылдын башында бир тез жардам унаасына ээ болушкан. Эми бардык медициналык шаймандары менен экинчи унааны алышууда.

Ошондой эле, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору да жаңы унаалуу болушту. Аларга 35 седан үлгүсүндөгү, 19 минивен санитардык транспорту өлкөнүн аймактарына муктаждыктарына жараша бөлүштүрүлгөн. Мындан тышкары, каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн 4 адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялык машина алып келинген.