Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш ишканаларынын курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш ишканаларынын курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы өндүрүш ишканаларынын курулушунун жүрүшүн көрдү. Акылбек Жапаров Кемин районундагы “Терек-Таш” ЖЧКнын цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы заманбап цемент заводун курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Терек-Таш” ЖЧКнын ортосунда 45 млн долларлык келишимге кол коюлду. Жаңы заводдун ишке кириши менен салык төлөмдөрүнүн суммасы жылына 700-800 млн сомго жетип, жумуш орундарынын саны 650 болот. Андан соң Токмок шаарындагы “Борбор Азия - Тамеки” ЖЧКнын тамеки заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш ишин кийинки жылдын жаз мезгилине бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы “Асылташ плюс” ЖЧКнын керамика плиткаларды чыгаруучу заводунун курулушун көрдү. Учурда курулуш ишине 120 адам жумушка тартылган, ал эми завод ишке киргенден тартып 220 адам жумуш менен камсыз болот жана жылына 3 000 000 м2 плиткаларды чыгарат. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 25 млн доллар бөлгөн. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар инвесторлор менен иш алып барууга мамлекет ар дайым колдоо көрсөтөөрүн жана даяр экенин билдирди.