Жаңылыктар
КМШ экономикалык кеңешинин 100-мааракелик жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ экономикалык кеңешинин 100-мааракелик жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Москва шаарына жумушчу сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйынына төрагалык кылды.

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды. Кабыл алынган документтердин бири КМШга мүчө-мамлекеттердин 2035-жылга чейинки мезгилге, энергетика тармагындагы кызматташуу Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын Планы болду. Бул демилге дүйнөлүк экономикадагы жана энергетикалык рыноктордогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен КМШ өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, 2018-2022-жылдарга карата Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отчету жана 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы сунушталды.