Жаңылыктар
Өзгөндө жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөн районунун 15 Жаш айылындагы Ж.Пиримкулов атындагы 150 орундуу орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

150 түтүн жашаган бул кичинекей айылга, борбор калаадагыдай бардык заманбап шарттары менен мектеп курулду. Ысык-муздак суусу ашканада, спорт залдын жанындагы душта да чыгат жана ашканасында муздаткыч, заманбап печкалар орнотулду. Эми концерт койгон чоң залыңар бар. Орто мектепти курууга республикалык бюджеттен 75 млн сом жумшалды. 2023-жылы Кыргызстан боюнча 205 мектеп курулуп, жылдын аягына чейин анын 111 мектептин имараты бүткөрүлүп пайдаланууга берилээрин Акылбек Жапаров айтты.