Жаңылыктар
Бишкекте мончо, сауналар текшерилип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мончо, сауналар текшерилип жатат

Бишкекте зыяндуу зат жаккан мончо, сауналар текшерилип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, рейдди мэриянын инспекторлору Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери менен бирге жүргүзүүдө. Алар тыюу салынган заттарды жаккан-жакпаганын текшерүү үчүн ондогон жайларды кыдырган. "Желим жагып жаткандар аныкталып калса, 7 500 сом айып салынат, ал эми юридикалык жактар 23 000 сом төлөшөт. Рейд дагы уланат", — деп айтылат маалыматта. Мэрия шаарда 373 мончо жана сауна бар экенин айтып, алардын 259у көмүр жагарын, 35и газ менен жылытууга өткөнүн билдирди. Ал эми 59 мончо иштебейт.