Жаңылыктар
Жүргүнчү ташыган поезддердин графиги өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жүргүнчү ташыган поезддердин графиги өзгөрдү

10-декабрдан тарта шаардык жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графиги өзгөрөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы маалымдайт. Бишкек-Шу-Казань багыты боюнча эл аралык эки топтук жүргүнчү поезди жаңы график боюнча жумасына бир жолу - жекшемби күндөрү каттайт. Бишкек-1-Токмок ички каттам Бишкек-1 бекетинен саат 17:25те чыгып,Токмок бекетине саат19:42де жетет, ал эми эртең менен Токмоктон саат 05:05те чыгып, Бишкек-1ге саат 07:21де келет. Бишкек-2-Кайыңды ички каттам Бишкек-2 бекетинен саат 17:41 чыгып, Кайыңдыга 20:10до келет. Эртең менен Кайыңды бекетинен саат 05:07де чыгып, Бишкек-2ге 07:32де келет.