Жаңылыктар
Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин ачылышы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин ачылышы өтөт

Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өтөт. Туризм департаментинен билдиришкендей, иш-чара 14-декабрда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтмөкчү. Башталышы саат 11:00. Туристтик мезгилдин ачылышы коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулат. Андан тышкары, шаардыктарды бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50% арзандатуу күтөт.