Жаңылыктар
УКМК: МСЭК мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: МСЭК мүчөлөрү кармалды

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери кармалды. Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында УКМК тарабынан опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

 Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча бир кабыл алуу күнүндө түшкөн акчанын жалпы суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында МСЭКтин төрагасы жана комиссиянын эки мүчөсү кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.