Жаңылыктар
Бишкек - Чэнду аба каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Чэнду аба каттамы ачылат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду — Бишкек — Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн элчилиги кытай тарап менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 12-декабрдан тартып жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачыла турган болду. 

Коңшу өлкөнүн Loong Air авиакомпаниясы жумасына эки жолу шейшемби, ишемби күндөрү каттайт.