Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушуна старт берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушуна старт берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. 

Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Анын айтымында бала бакчаны куруу боюнча тендер өтүп, “Темир курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому 62,0 млн сомго сатып алуу порталынан утуучу деп белгиленген.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кара Кулжа районунун активи менен жолугушту. Анда ал, Президент Садыр Жапаровдун башчылыгы алдында жасалып жаткан алгылыктуу иштер туурасында кыскача маалымат берди. Коррупция менен айыгышкан күрөш, салык жана бажы саясатынын туура жүргүзүлүшү өлкө экономикасынын өрүш алышын шарттаганын, анын натыйжасында мамлекетте эбегейсиз курулуш иштери жүрүп жатканын билдирди. “Кара-Кулжада эле 3 жылда 15 социалдык объектте иштер жүрдү, 6 мектеп, 1 бала бакча, 1 спорт зал 2 таза суу объектисин бүткөрдүк. Дагы курулуштар жүрүп жатат, Кайың-Талаада 275 орундуу Мамаев мектеби салынып жатат, Биймырзада, Жийде айылында бала бакчалар салынат, 1-Май айылында спорт зал бүтөт”-деди Акылбек Жапаров

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы транспорт жана коммуникациялар министрине Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кыш мезгилинде үзгүлтүксүз унаа каттамдарын камсыздоону тапшырды. Ал эми Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигининин жетекчисине район боюнча авариялык абалда 3 мектептердин кийинки жылы бүтүрүү тапшырмасы берилди.