Жаңылыктар
Баткенде элге арзан баада көмүр сатылат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде элге арзан баада көмүр сатылат

Калкка арзан көмүр жеткирүү иштери уланууда. Баткен шаарындагы кара алтын сатыла турган кампаларга көмүр жеткирилди. Баткен шаарындагы отун базасында кара алтындын килограммы 5 сомдон сатылып жатат. Эскерте кетсек, Баткен облусунун тургундарын арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында аймакта 6 көмүр кампасы ачылган. Бул кампаларда кара алтындын тоннасы 5 миң сомдон сатылат. Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар.