Жаңылыктар
200 сом үчүн айдоочунун өмүрү кыйылды
Кылмыш
200 сом үчүн айдоочунун өмүрү кыйылды

Түндө Бишкекте 22 жаштагы таксистти жүргүнчүсү өлтүрүп койгон. 

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракет көрүп кылмышка шектүү 19 жаштагы жаран кармалган. 

Ал таксистти чырдашып кеткенден кийин өлтүргөнүн мойнуна алып, сөөктү мүрзө менен "Дордой" базарынын ортосундагы аймакка ыргытып жибергенин ырастаган . 

Ал сурак маалында 200 сом үчүн таксистти өлтүрүп, унаасын айдап алып шаар кыдырганын да айткан. 

Патрулдук милиция кызматкерлери жабыркаган унааны текшерүү учурунда канга боёлгон адам колго түшкөн. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жатат.