Жаңылыктар
А.Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы К.Өмүралиевди кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
А.Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы К.Өмүралиевди кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Уюмдун 10-саммитинин жыйынтыгын, мамлекет башчылары кабыл алган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле Уюмдун 2024-жылга карата пландарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.