Жаңылыктар
КТРК шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого карата дебаттарды өткөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого карата дебаттарды өткөрөт

28-ноябрдан тартып Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого карата Коомдук Биринчи каналда дебаттар старт алды. Өткөрүлө турган түз эфирдеги теледебаттардын тартиби: 

28.11.16. - Н Д П К, Демократ, Таза Кыргызстан;

29.11.16. - Актив, Мекеним Кыргызстан, Улуу Кыргызстан;

30.11.16. - СДПК, Кыргызстан, Аалам;

01.12.16. - Өнүгүү-Прогресс, Партия Коммунистов, Республика-Ата-Журт;

02.12.16. - Партия Зеленых, Жаңы доор.

Бардык дебаттар саат 22:10 - 23:30 чейин өткөрүлөт, убактысы 90 мүнөт.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешке 14 партия ат салышат, алар ар бир өзүнүн шаарды өнүктүрүү боюнча программаларын көрсөтүшөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партиялардын бюллетенге жайгашуу орундардын аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрдү. Натыйжада шайлоо күнүндөгү партиялардын бюллетендеги тизмеги төмөндөгүдөй болду:

№1 «Таза Кыргызстан», 

№2 «Актив», 

№3 «Улуу Кыргызстан», 

№4 «Республика - Ата Журт», 

№5 «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,

№6 «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы», 

№7 «Демократ», №8 «Кыргызстан коммунисттер партиясы», 

№9 «Аалам», №10 «Кыргызстан»,

№11 «Мекеним Кыргызстан», 

№12 «Өнүгүү-Прогресс», 

№13 «Жаңы доор», 

№14 КСДП