Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Кыргызстан Баткенден башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Кыргызстан Баткенден башталат

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү. 

Өз сөзүндө Садыр Жапаров “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи. Президент мектептен мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев сындуу улуу инсандар чыксын деп тилек кылды.