Жаңылыктар
Баткен: Калк саламаттыгына камкордук
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Калк саламаттыгына камкордук

2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Баткен облусунун чек арадагы айылдарында бир катар социалдык объектилер талкаланып, пайдаланууга жарабай калган. Алардын катарында жараксыз абалга келген Саламаттык сактоо мекемелери да бар эле. Кыска аралыкта жүргөн калыбына келтирүү иштеринин алкагында чек арадагы элдин саламаттыгына кам көрүү максатында, жаңы оорукана жана бир катар ФАПтар курулуп, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу түрдө кайрадан эшигин ачышты.