Жаңылыктар
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Аю” каймана аты бар Дж.А.Дж.га карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Аю” каймана аты бар Дж.А.Дж.га карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМК жана Талас облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дж.А.Дж.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Дж.А.Дж. кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.

Ошону менен бирге ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.