Жаңылыктар
Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат

Шаардык муниципалитеттен билдиргендей автоунааларды туура эмес токтотуу жолдорду кардан тазалоого тоскоол болууда. Ошондой эле айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын жарыяланды. 

Алдыдагы эки күндүк аба ырайына байланыштуу көчөлөрдү кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүп турат. Андыктан каалаган жерге токтотулган унаалар эгерде кар тазалоочу унааларга жолтоо болсо, эскертүүсүз шаардык унаа токтоосу жайга жеткирилет.