Баткен облусунда калкка арзан көмүр жеткирүү иши уланууда. Биринчи кезекте чек ара окуяларында жабыркагандар менен социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилүүдө.
Андыктан чек арага чектеш жайгашкан айылдарга көмүр үзгүлтүксүз ташылып жатат. Алсак Самаркандек айыл аймагынын эли бүгүнкү күндө 90 пайыз арзан көмүр менен камсыз болду.