Жаңылыктар
Акылбек Жапаров КМТУда күн электр станциясынын көрсөтмөлүү ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров КМТУда күн электр станциясынын көрсөтмөлүү ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде күн электр станциясынын көрсөтмөлүү ачылышына катышты.  

Министрлер кабинетинин башчысы: «Мен теория менен практиканын, илимий ачылыштар менен өндүрүштүн симбиозуна күбө болуп жатканыма кубанычтамын», - деп белгиледи. 

«Университеттин чатырына орнотулган күн станциясы электр энергиясын гана өндүрүп тим болбостон, студенттер үчүн бул процессти өз көзү менен көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Биз кубанычтабыз жана мындай демилгелерди колдоого дайым даярбыз”,-деди Акылбек Жапаров. 

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы Президент климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо, биоартүрдүүлүк жана «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүү маселелери боюнча бир нече жолу эл аралык аренада кайрылуу жасаганын эске салды. 

Ал ошондой эле Техникалык университет анын “альма матери” экенин жана университеттин бардык жетишкендиктери, ага сыймыктануу тартуулап жатканын кошумчалады. 

«Мен биздин окуу жайлардын илимий жетишкендиктерин такай көзөмөлдөп турам. Маселен, 24,5 миң студент билим алып жаткан техникалык жогорку окуу жайынын кирешеси 1 миллиард сомго жетти. Быйыл QS Asia University Rankings 2024 рейтингинде Азиядагы эң мыкты жыйырма университеттин катарына кирди. Эми болсо дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 20га кирет деп ишенем”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.