Жаңылыктар
Кар көчкүгө байланыштуу айрым жолдор жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кар көчкүгө байланыштуу айрым жолдор жабылды

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн. 

Аба-ырайына жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү, Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалаң жолунун 13-15 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк-Ашуусу жабык. Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолдору тазаланууда. 

Мындан сырткары Бишкек-Ош унаа жолунун 82 чакырымындагы Сосновка постунда, Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары тарабынан унаа жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.