Жаңылыктар
Чүй аймагындагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
 Чүй аймагындагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй аймагындагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандаганы тууралуу кабарлады. “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га,Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады.

Ал эми Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы базарда калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге, соода менен алектенген пенсионерлерге каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет. 

Мындан тышкары Кара-Балта шаарындагы “Береке”, Жайыл районундагы “Жайыл базары”, Москва районунун Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында, Сокулук районундагы кичи базарларда, Новопавловка айылындагы “Нурлан”, Сары-Өзөн, “Заря” жана башка көптөгөгн базарларда ижара акылары 25-35% чейини түштү.Жалпы болуп Чүй облусунда 38 базардын айына төлөнчү сум малдары төмөндөтүлдү.