Жаңылыктар
Мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
 Мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды

Мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланып, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарандарды алардан батир албоого чакырды. Башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилерди атады. 

Бишкек шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак-жай тизмеге кирди. Мамкурулуш өзүнүн сайтында Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин картасында да мыйзамсыз турак-жайларды өзүнчө белгиледи. Анда мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө көрсөтүлгөн. 

2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87 экени, алардын 34ү Бишкекте экени маалым болгон. Соңку маалыматтан көрүнүп тургандай, аларга дагы төртөө кошулуп, борбор шаарда 38 мыйзамсыз курулуш болуп калган.