Жаңылыктар
Рыспек Акматбаевди кимдер өлтүргөн?
Кыргызстан жаңылыктары
Рыспек Акматбаевди кимдер өлтүргөн?

Рыспек Акматбаевди өлтүрүүгө катышкандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына таянсак, кримтөбөлгө кол салууга Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев жана Марат Раимбеков катышкан. 

2006-жылы 10-майда Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон. Бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн К. Асанбек калган. Буга байланыштуу Анапияев менен Самсалиев Камчы Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. УКМК мындай маалыматтар Акматбаевди жок кылуу үчүн жалданган киши өлтүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталганын, анын аты-жөнү айтылбастыгын билдирүүдө. “Рэмбо” каймана аты менен белгилүү Марат Райымбеков дайынсыз жоголгон. Ал эми “Боха Казарманский” же Болот Самсалиев ошол эле жылы криминалдык тирешүүлөрдүн натыйжасында көз жумган. Алмамбет Анапияев 2015-жылы Минск шаарында киши колдуу болгон. Ал эми кримтөбөл Камчы Асанбев быйыл октябрь айында УКМК тарабынан колго түшүрүү учурунда жок кылынган.