Жаңылыктар
Акылбек Жапаров менен АКШнын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров менен АКШнын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Америка АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Тараптар үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана Борбордук Азия-АКШ саммитинин жыйынтыгы тууралуу сүйлөштү. 

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи. Жолугушууда келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча сөз болду. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.